2017-01-21 Акция
1 - ДЕМӨӨРЧҮ 1 - ОКУУЧУ

Улуттук Статистика комитетинин билдирүүсү боюнча Кыргызстан аймагында 80 000ден ашуун кароосуз калган балдар катталган. Анын 15 миңге жакыны балдар үйлөрүндө тарбияланса, калганы тууган туушкандарыныкында күн кечирип келет. Жыл сайын балдар үйүнөн тарбияланып чыккан 500-700 арасындагы балдардын 70-80 %ы туура эмес жолдорго түшүүсү кейитпей койбойт. “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 2014 – жылы кароосуз калган балдардын көйгөйүн чечүү, алардын укуктарын коргоо максатында ачылып, иш алып барып келет. 200 кароосуз калган балдарды өз карамагына алып, тарбиялап келүүдө. Бирок бул сан күн өткөн сайын көбөйүүдө. “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жогоруда айтылган көйгөйгө кайдыгер карабай, өлкөбүздө биринчи жолу “1 демөөрчү – 1 окуучу” пилоттук долбооруна старт берди. 1 окучуунун бир айлык орточо чыгашасы – 2700 сом (30 АКШ долларын) түзөт. “#Өлкө_өз_жаштарынын_келечегине_азыртадан_кам_көрбөсө,#түрмө_салууга_мажбур_болот”
“1 демөөрчү – 1 окуучу” долбоорунун негизги максаты кароосуз калган балдардын жылдык чыгымдарын орундатуу болуп эсептелет (1 балага карата сметасы тиркелген). Андан сырткары бул долбоор узак мөөнөттүк болуп эсептелип, бир канча этаптан турат:
1) 18 жашка чейин окутуу (тамак аш, кийим кече ж.б.);
2) Жогорку окуу жайына тапшыртуу (жатаканасы, тамак аш ж.б.);
3) Турмуш жолуна багыт көрсөтүп берүү;
Өлкөңдүн өнүүгүүсүн көргүң келсе, жаштарына кара деген кыргызда жакшы сөз бар. Сиз дагы кайдыгер карабай акциябызга активдүү катышып, 1 кароосуз калган баланын сүйүнүчүнө жыл боюу ортоктош болосуз деген үмүттөбүз.
КАБЫЛ АЛУУ
Тоголок Молдо атындагы №71 жалпы орто билим беруучу мектеп-интернаты Республиканын бардык аймактарынан 3 категориядагы 11 -14 жаштагы балдар соттун чечими менен кабыл алынат:
* ТОГОЛОК ЖЕТИМ БАЛДАР;
* АТА-ЭНЕСИ ТАРАБЫНАН КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР;
* АТА-ЭНЕ УКУКТАРЫНАН АЖЫРАТЫЛГАН БАЛДАР ОКУУЧУЛАРЫБЫЗДЫН КЕЛЕЧЕГИ
1.Интернат балдарына татыктуу окуу-тарбия берүү менен бирге аларга коомдо өз ордун таба билүүсүнө көмөк көрсөтүү;
2.Кесиптик орто билим боюнча (чач-тарач - стилист, бычмачы-тигүүчү, жыгач уста, айдоочу) диплом алуусуна шарт түзүү;
3.Окуучулардын өздөрүнүн тандаган кесиптери боюнча кошумча тастыкталган кесиптик сертификаттарды (котормочу: англис, түрк жана корей тилдери боюнча).
4.Жогорку билим алуусуна көмөктөшүү;
5.Жумуш табуусуна көмөктөшүү;
6.Турмуш жолуна багыт көрсөтүп берүү (үй-бүлө куруусуна көмөктөшүү);
Твитнуть