EN
RU
 

БИЗДИН МИССИЯ

Өлкөбүздөгү колунда бар, материалдык мүмкүнчүлүгү жетиштүү атуулдарды кызматка тартып, аларды башкаларга ар тараптуу жардам берүүгө үндөө.

Күнкорсуздукту алгандан бери кыргыз эли жана Кыргызстан бир топ алдыга жылып келе жатат. Бирок көптөгөн кыйынчылыктарды да башынан кечирип келет. Саясий жана экономикалык кризистер менен кошул-ташыл болгон эң чоң көйгөйлөрдүн башында жакырчылык турат десек жаңылышпасак керек.

Көптөгөн статистикалык маалыматтар муну тастыктайт. Он миңдеген жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жашап-иштеп кетишсе дагы да кеталбай жүргөндөр четтен чыгат. Албетте чет элде жүргөн атуулдарыбыз Кыргызстанга салымдарын кошуп жатышат.

Ак ниет адамдар биз аркылуу жардамдарын берип турушат. Биз бул жардамдарды дагы да кеңири жайылтуунун аракетиндебиз. Өлкөбүздө бир да жакыр адам калбаганга чейин бул иштерди жалпы элибиздин колдоосу менен уланта бермекчибиз. Өлкөбүздө бакубаттуулук орногон мезгилде дүйнөлүк деңгээлде иш алпарабыз деген ишеничтебиз.

Кыргызстанда жашап жүрүп бизнестин көзүн тапкан инсандарыбыз да бар. Фондубуз мына ушул ийгиликтүү ишкерлерди да камтыган калкыбыздын калың катмарынан чыккан айкөл, жоомарт адамдарыбыз менен жакырчылыкка түшүп калган инсадарыбыздын ортосунда көпүрөө болууну көздөйт.

Бул багытта, ачылгандан бери фондубуз алгылыктуу иштерди аткарып келет. Жүздөгөн муктаж инсандар биз аркылуу материалдык жана акчалай жардамдарды алып келишет.

 

Жардам берүү жана Кызматташу

Муктаж адамдардын турмушун женилдетүүгө салымыңызды кошуңуз

Бизге кошулуңуз

Байланыш жолдору
+996 772 002 015 | info@elimbar.kg