2021-10-28 Жаңылыктар
Окуучулар өзгөчө кайрымдуулук кылышты.
"Элим,барсынбы?!" ККФда аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган ата, апаларыбызга @uwisedukg Кэмбирдж эл аралык мектебинин
9,10,11 классынын окуучулары кайрымдуулук иш чара уюштуруп, чогулган каражатка 20 азык - түлүк баштыктарын тартуулап, өздөрү менен бирге жасап келген таттууларынан даам сыздырды.
Коомубузга кайрымдуу, берешен, мээримдүү жаштарды тарбиялап жаткан балдардын ата-энесине жана мугалимдерине терең ыраазычылык билдиребиз!
Жашында берген чоңойгондо да берет.
Ар дайым кайрымдуулукта жарышалы.
Твитнуть