2018-08-16 Жаңылыктар
Таластагы өкүлчүлүгүбүз курман айтка карата 300 жетим балага окуу куралдарын тапшырды
Талас шаарында 300гө жакын жаш балдар үчүн Курман айт майрамдык программасын уюштурду.
коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан жыл сайын Курман айт майрамына карата Талас облусу боюнча 300гө жакын ата-энесинен эрте ажыраган, муктаж үй-бүлөлөрдүн, ден соолугу чектелген жана кароосуз калган жетим жаш балдар үчүн майрамдык программа уюштурулуп белектер берилип келет.
Бул жылы да 14-август күнү Курман айт майрамына карата балдар үчүн арналган программа Талас шаарында А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде жана Баатырлар паркында уюштурулду.
Бул иш-чараны колдоп Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Молдонович жана Талас шаардык мэри Айдарбек Жапарович келип куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, балдарга ден-соолук тилеп ар дайым жардам берип колдоо көрсөтүп тураарын айтышты.
Бул иш-чарага колдоо көрсөткөн Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Молдоновичке, Талас шаардык мэри Айдарбек Жапаровичке, Талас шаардык вице мэри Асель Сыргабаевнага жана жалпы салымын кошкон демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Жаш балдарга арналган майрамдык программа саат 11:00 дөн баштап 16:00гө чейин уланды. Жаш балдар парктагы ар түрдүү ойноочу шаймандарын акысыз ойноп, түштөнүү учурунда тамак-аш берилип, 500сомдук сумка жана белектер тапшырылды.
Ушул курман айт майрамына карата жаш балдарга арналган майрамдык программа Бакай-Ата районунда 15-августта, Кара-Буура районунда 16-августта жана Манас районунда 17-августта уюштурулат.
Твитнуть