2023-10-23 Жаңылыктар
“Билим Инвест”

“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду Раззаков шаарында жана Баткен шаарында “Билим Инвест” долбоорунун алкагында 2021-2022-жылдары Баткен чек арасындагы кагылышуудан кайтыш болгон, Баткен облусунда жашаган жарандардын үй-бүлөсүн колдоо максатында ар бир балага 5000сомдон акча каражаты тапшырылып берилди. Жалпы Баткен облусу боюнча 65 балага жардам көрсөтүлдү. “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду 15 жылдан бери элдин аярлуу катмарына ар тараптуу жардам берип келет. Гуманитардык жардам, билимге инвестиция кылуу жана калкты жакыркылыктан чыгаруу сыяктуу ар тараптан колдоо көрсөтүүдө.
Буга чейин Баткен облусуна чек арада жайгашкан мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 66 мугалимди окуткан. Андан сырткары жыл сайын балдарга Ысык-Көлгө 6 күндүк “Жайкы Лагерь” уюштуруп келет.
Колдоо көрсөткөн @Tez.jet , @shorokgz жана мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз
Твитнуть