2022-11-23 Жаңылыктар
"Эмгекчил үй-бүлө"
"Эмгекчил үй-бүлө" долбоору алкагында аз камсыз үй-бүлө катары каттообузда турган Атобек кызы Гулнигор, Жангарова Алымкан,
Турдуходжаева Мээрим эжекелерибизге тигүүчү машинка алынып берилип, Утанова Назира эжекебизге базардан товар сатып алып өзүнүн ишмердүүлүгүн баштоо үчүн 40000сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилди.
Долбоордун алкагында жалгыз бой энелер өз алдынча иштеп, жумуш орду менен камсыз болушат.
Колдоо көрсөткөн жеке ишкер Абакиров Эльдар мырзага терең ыраазычылык билдерибиз!
Кайрымдуу мекендештерибизди долбоорго салым кошууга чакырабыз.
Ар дайым кайрымдуулукта жарышалы
Твитнуть