2021-10-04 Жаңылыктар
Карысы бардын-ырысы бар.
1-октябрь эл аралык карылар күнүнө карата фондубуздун каттоосунда турган ата апаларга майрамдык маанай тартууланып белектер тапшырылды.
Бул күнү – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү.
Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Сиздерге колдоо көрсөтүп, жардам берүү, бул биздин бирден-бир биринчи милдетибиз болуп саналат!
Майрамыңыздар менен ардактуу, кымбаттуу биздин АТА – АПАЛАРЫБЫЗ
Твитнуть