2020-09-03 Жаңылыктар
Кайрылуу кат

"Кымбаттуу Кыргыз элим! Сиздердин камкор, боорукер эл экенин билбесем бул катты жазбайт элем. Менин кызым Мейманкулова Назгул быйыл 14 жашка чыгып олтурат. 11 жылдан бери “ревматоидный артрит” диогнозу менен ооруп, акыркы 6 жылдан бери оз алдынча баса албай калды. Бул илдет кайсыл мууну соо болсо, ошол муунду жабыркатып, кыйшайтып, шишитип оорутат. Бала ооруган убакта энеге эң кыйыны балаңа жардам бере албаган учур экен. Бул учурду сөз менен жеткире айтып бере албайм. 3 жашынан бери кызым балдар менен ойноп, бак аралап чуркап, өзү каалган жерге баса албаганы, сан жеткис укол-даарыларды алгандыгы, узун түндү оорунун айынан уйкусуз өткөргөндүгү мен үчүн да, кызым үчүн да жан кейиткен күндөр.
Кымбаттуу кайрымдуу жарандар. Азаптуу оорудан арылуу үчүн бизге кымбат уколдор керек экен. азыр бизге жардам берген припараттынын аты Актемра. 1 жылдан ашык өз каражатыбызга алып келдик, мындан кийинкиге алыбыз келбей калды. Ар бир эки жумада алган припараттардын баасы 55миңден ашык жатат. Ошондуктан сиздерден жардам сурайм. Кызымдын жакшы болуп кетишине сиздер да сепепкер болуңуздар. “Дүйнөдө эч качан балдар оорубасын,”- деп дуа кылам."⠀
Жардам корсотууну каалагандар, акча каражатын томонку реквизиттерге которсонуздар болот⠀
9417089209934869
Элсом 0708204268
⠀
Твитнуть