2019-04-08 Жаңылыктар
“БИР ИШКЕР, БИР КӨЧӨТ”
7-апрель күнү Жал кичи районунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда «Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду @elimbarsynby_official жана JIA Бизнес-ассоциациясынын @jia.bishkek тарабынан, "Маданият төнкөрүшү" коомдук кыймылынын алкагында уюштурулган “БИР ИШКЕР, БИР КӨЧӨТ” акциясы болуп өттү.
Ачылыш аземин JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев,
"Супара" этно-комплексинин негиздөөчүсү Жанылсынзат Турганбаева жана "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана Байкоочу кеңешинини мүчөсү Нурлан Матыев ачты.
Улуттук борбордун аянтына декоративдүү көчөттөрдүн 4 түрү, жалпасынан 100 даана отургузулду.
Акциянын алкагында ишкерлердин колдоосу менен атайын велосипед жана бешик араба (коляска) коюу аянтчасы куруп берилди. Борбордун жетекчилигинин айтымында, "бул көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири болгонун" баса белгилеп айтты өз сөзүндө. "Бакча", "БишкекЦветМет" жана "Азра жемиштери" ишканаларына, акцияга активдүү катышкан баардык ишкерлерге жана ыктыярчыларга терең ыраазычылык билдиребиз.
Акция бул жылы экинчи ирет республикалык деңгээлде өтүүдө. Өткөн жылы акция алкагында республика боюнча 3 000 көчөт отургузулган.
Твитнуть