2019-03-03 Жаңылыктар
3-март күнү, кеңсебизге өз ыраазычылыгын билдирип, Абдылмамытов Ильдандын чоң энеси менен апасы келд
3-март күнү, кеңсебизге өз ыраазычылыгын билдирип, Абдылмамытов Ильдандын чоң энеси менен апасы келди. Эске салсак, Ильдандын диагнозу жүрөктүн дүлөйчөсүнүн тешиги бар (порок сердца). "Мээримдүү тыйын" акциясынан 80 115 сом бөлүнүп берилген. Учурда операция ийгиликтүү өтүп жаман Ильдан чуркап, ойноп жүргөнүн көрүп ичибизден өзгөчө жылуу сезим пайда болду.
Апасы түшкү тамак учурунда бизге таттуу тамагын жасап келиптир, бир чети бираз ыңгайсыз сезип турсак, бир чети сүйүнүп турдук. "Мээримдүү тыйын" акциясынын ар бир катышуучусуна терең ыраазычылык билдиребиз. Бул биздин баарыбыздын жеңишибиз! БИРГЕЛИКТЕ ӨМҮРЛӨРДҮ САКТАЙЛЫ!
Твитнуть