2018-12-27 Жаңылыктар
Асанкожоева Бурул колдоосу астында 100 окуучу кино корушту.
27-декабрь күнү "Кыргыз киносу" кинотеатрында фондубуздун карамагында болгон, 71-мектеп-интернатынын 100 окуучусуна Асанкожоева Бурул эжекебиз демөөрчүлүк кылып, "Такебай" кинотасмасын тартуулады. Тасманын аягында Бурул эже балдар менен маектешип, өз каалоо тилектерин айтып, чакан белектерин тартуулады. Фондубуздун жана 71-мектеп-интернатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык каалайбыз!
Твитнуть