2016-12-05 Акция
Чилде мезгилинде муктаж адамдарга жылуулук тартуулаңыз
Урматтуу достор! XXI – кылымда жашап, прогрессивдүү өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылып келе жатабыз. Көптөгөн алдыга умтулуу пландар, бардык жааттарда жылыштар көзгө көрүнөөрлүк болуп калды. Бирок бардык кыргызстандыктар биле бербесе керек, өлкөбүздүн ичинде жакырчылыктан жапа чеккен үй-бүлөлөр четтен чыгаарын. Эң аялуу катмарлардан болуп эсептелген бул үй-бүлөлөр өзгөчө кыш мезгилинде кыйналып, көмүр жоктуктун азабынан үшүп, көптөгөн оор ооруларга чалдыгат. “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду3 жылдан бери кышында өтө оор абалдагы үй-бүлөлөргө арнап “Жылуулук тартуулаңыз” аттуу акциясын уюштуруп, ушул күнгө чейин 300дөн ашык үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылганга себепчи болду. Мекендештер, өлкөбүздүн келечегин ойлоп, сууктан жапа чеккен замандаштарыбызга чогуу кам көрөлү. Кайрымдуулукка салым кошууңузду өтүнөбүз:
1) Банк эсеби: 1180000017483549
2) Топтоочу номурга бирдик жүктөсөнүз болот: 0772 00 20 15
3) ЭлСОМ. Коду: 02151
4) Мобильник. Коду: 0 (нөл)
5) QUICKPAY QIWI UMAI өз номуруңузду терип жардам көрсөтсөңүз болот
Твитнуть